БүТүН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жыртык-тешиги жок, айрыгы жок, жыртылбаган. Жылуу тамак, бүтүн көйнөк көрбөгөн, Таткан эмес байдын ичкен ашынан (Токомбаев). 2. Сынган-бүлгөнү жок, сыныгы, жаракасы жок, кетилбеген, бузулбаган, кемирилбеген. Терезенин төрт көзүнүн тең айнектери бүтүн (Сыдыкбеков). 3. Бүткүл, бардык, бүт, бүтүндөй. Бүтүн сырын Төштүктүн, Абайлап билип алды дейт («Эр Төштүк»). Бүтүн күмүш көрүнөт Колуна салган шакеги (Токтогул).